Каз

Википедия дан
Каз (Anser anser).

Казказ сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун сууда сүзүүчү куштар уруусу. Дене узундугу 1 мге жетет, салмагы 2-6 кг. Шыйрагы узун, басууга ыңгайланган. Негизинен өсүмдүк, айрымдары курт-кумурска ж. б. менен азыктанат. Аскага же жерге уялап, 5-8 жумуртка тууп, эркек-ургаачысы алмак-салмак басат. КМШ өлкөлөрүндө 5 уруу, 8 түрү бар. Кыргызстанда маңка каз (тоо казы) кездешет. Бакма Каз жапайы боз каздан чыккан. Ургаачысы жылына 20-25 жөжө чыгарат. Бордоп семирткенде айрымдары 10 кгга чейин эт берет. Каздар көк чөптү жакшы оттойт. Жылына 30-40, айрым породалары 100дөй жумуртка тууйт. Жыл өткөн сайын жумуртканы көп берет (2-жылы 1-жылга караганда 15-25%ке, 3-жылы 30-40%ке ашат). Эт багытындагылар 6 айлыгында союлат. Этинде 16%тей белок, 35% тей май болуп, күчтүү келет. Каз майы үшүккө, күйүккө дары. Жүнүнөн мамык ж. б. алынат. Каз май айынан октябрга чейин жайытта, кышында атайын жайда (жылытылбаган) багылат. Ургаал багуу үчүн атайын жарык жана жылуу жайда кармалат. Мында салмагы 5 кгдан ашык казга 1 м2 аянт туура келгидей болуу керек. Багуу мезгилинде тоют рациону болжол менен (1 башка г эсебинде): дан 215, күн жара жана кызылча тобу 30, чыктуу жана көк тоют 200350, чөп уну 70, ачыткы 2, туз 1,5-2 г берилет. Кыргызстанда ири боз каз, холмогор казы ж. б. багылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]