Казакбаев Абдыкаир

Википедия дан

Казакбаев Абдыкаир - (20. 1. 1920, Чүй облусу, Кемин району, Чым-Коргон кыш. 25. 8. 1967, Фрунзе) – мамлекеттик жана коомдук ишмер. Кыргыз Айыл-чарба институтун (1945), КПСС БКнын алдындагы Жогорку партиялык мектепти (1947) бүтүргөн. 1943-44-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын секретары, 1947-49-жылдары партиянын Фрунзе обкомунун үгүт жана саясат бөлүмүнүн башчысы, 1949-51-жылдары Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Искусство иштери боюнча башкармалыктын башчысы, 1952-53-жылдары Кыргызстан КП БКнын илим жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1953-58-жылдары Кыргыз ССР маданият министри, 1958-63-жылдар Кыргызстан КП БКнын секретары, 1963-66-жылдары Кыргызстан КП БКнын алдындагы Тарых институтунун директору, 1966-67-жылдары В. В. Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалыкинститутунда проректор болуп иштеген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы (1955-65). Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты. 2 Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]