Казаков Вячеслав Фёдорович

Википедия дан

Казаков Вячеслав Фёдорович - (23. 2. 1913, Киев 19. 10. 1979, Фрунзе) – драма артисти. Кыргыз ССР эл Кыргыз Айыл-Чарба институту (1950). 1931-35-жылдары ГИТИСтин драма факультетинде окуган. 1935-жылдан Москва театрларында иштеген. 1956-ж. Фрунзеге келип, Н. К. Крупская атындагы Орус драма театрын (азыркы Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры) уюштурууга активдүү катышкан. 1946-ж. Улуу Ата Мекендик согуштан кайтып келгенден ушул театрда үзүрлүү эмгектенген. В. И. Лениндин («Унутулгус 19-», 1952; «Үй-бүлө», 1950; «Кремль куранттары», 1957; «Мылтыкчан киши», 1970), А. С. Пушкиндин («Пушкин», 1949), Фёдор Иоановичтин («Падыша Фёдор Иоанович», 1946), Саринжинин (К. Эшмамбетов, «Саринжи», 1939), Ромеонун, Гамлеттин (В. Шекспир, «Ромео менен Жульетта», «Гамлет», 1948, 1957) ж. б. образын түзгөн. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (7—8-шайланышынын) депутаты. Ленин, Кызыл Жылдыз ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]