Казал

Википедия дан

Казал — лирикалык жанр. Элдик оозеки чыгармачылыктагы ашыктык ырларынын өзүнчө формасы катары эң алгач ирет 5-6-кк. араб жазма поэзиясында пайда болгондугу маалым. 9-10-кк. тартып фарс, тажик, уйгур, азербайжан, түрк жана башка түрк тилдериндеги классикалык адабиятта кеңири тараган. Казал - баштан аяк бир өңчөй үндөштүктө жаралчу ыр. Казал жанрларынын мотивин алгачкы учурда сүйүү, айрылуу жана арман ырлары түзгөн. Сырдаштык лириканын бул түрү теңделип отуруп, коомдук, социалдык, саясий, философиялык, этикалык, дидактикалык, сатиралык жана башкалар. Маселелерди козгоого чейин көтөрүлгөн. Салт боюнча казал эки бейттен он эки бейтке чейин созулат. Казал жанрын адамдын ички дүйнөсүн бардык татаал көрүнүштөрдө сүрөттөөнүн өзгөчө чебер формасына айландыруу процессинде чыгыштын Рудаки, Саади, Хафиз, Жами, Низами, Физули өңдүү атактуу акындары зор эмгек сиңирген. Күн чыгыш поэзиясынын таасири менен казал формасын Батыш Европада жана орус акындары да пайдаланууга аракет кылышкан. Казал 18-19-кк. (болжолу ага чейин деле) кыргыз коомундагы жазгыч акындардын жалпы аталышын билдирген. Кыргыз коомунда Казыбек казалчы, Молдо Кылыч, Молдо Нияз жана башка атактуу казалчылардын мурастары жашап келет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]