Казан

Wikipedia дан
Казан (2015).

КазанОрусыя Федерациясындагы шаар, Татарстан Республикасынын борбору (1920-жылдан). Эдилдин(Волганын) сол жээгинде, ага Казанка дарыясы куя бериште жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2008); калкынын саны боюнча Орусыядагы 8-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Эдил дарыясынын сол өйүзүндөгү ири дарыя порту. Метрополитен иштейт (2005-жылдан).

Археологиялык изилдөөлөрдөн алынган маалыматтарга таянсак, 10—11-кылымдарда пайда болгон. Болгарлар тарабынан 1177-ж. негизделген. 13-кылымдын аягынан Булгараль-Жадид (Жаңы Болгар) деп аталган. 1438—1552-ж. Казан хандыгынын борбору. 1708— 1920-ж. Казан губерниясынын, 1920-жылдан Татар АССРинин (1990—92-ж. Татар ССРи, 1992жылдан Татарстан Республикасынын) борбору. Машина куруу (самолёт, ЭВМ ж. б.), металл иштетүү заводдору, хим, нефть-химиялык (жасалма каучук, кинофото ж. б.), химиялык, фармацефтика, жеңил (механикалык, тери ж. б.), тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Татарстан Илимдер Академиясы (1991), Орусыя Илимдер Академиясынын Казан илимий борбору (1945, анын курамында органикалык жана физикалык химия, физика-техника, механика машина ж. б.), 29 мамлекеттик Жогорку окуу жайлары (анын ичинде Казан мамлекеттик университети, консерватория), китепканалар, музейлер, «Казан» улуттук борбору, 6 театр (анын ичиндеопера жана балет), цирк, филармония, обсерватория бар. Казандын 2005-ж. өткөрүлгөн 1000 жылдык юбилейине карата бир нече заманбап курулуштар (анын ичинде Кул-Шариф комплекси ж. б.) курулган. Архитектура эстеликтери: Кремль ансамбли (16-18-кылым), анын ичинде Сүйүмбеки мунарасы (17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башы), Петропавловский собору (учурда планетарий, 18-кылым), Маржан мечити (18-кылым), Казан университетинин имараттар комплекси (19-кылым). Жыл сайын эл аралык түрк элдеринин театр (1989), классикалык балет (1987), опера (1982), «Алтын Минбар» мусулман кино (2005) фестивалдары өткөрүлүп турат. 2005-ж. топ менен ойнолуучу хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]