Казачок

Википедия дан
Казачок

Казачок - украиндик, кубандык казактардын эл бийи.

Музыкалык Өлчөмү 2/4. Жандуу, шаңдуу, төкмө мүнөздө. Бий Украиналык казактардын арасына кеңири тараган. Адатта, жубу менен бийлейт. Кыз алып жүрөт, жигит болсо анын кыймылын кайталайт. Алмашарда кыз колун чаап белги берет.

Биринчи жолу Казачок 17-кылымдын биринчи жарымында иштеп чыккан польшалык композитор С. Дусяцкой, орус жазма булактарында Казачок музыкасы 18-кылымдын экинчи жарымындагы кол жазмаларда кезигет. 18-кылымдын экинчи жарымында Казачок француздардын балет сахнасында пайда болот. 1820-ж. калк арасына Казачок өтө кеңири жайылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.