Казуалдык импликация

Википедия дан

Казуалдык импликация(лат. causalis, causa – себептүү) – шарттуу сөздөрдөгү каузалдуу (себептүү) байланыштарды чагылдыруу үчүн киргизилген импликациялардын бир түрү.

Шарттуу сөздөрдү кароодо анын көп учурда себептүү көз карандылыгын чагылдырган антецеденти менен консеквентинин (кара, Консеквент жана антецент) ортосундагы маанилердин байланышына көңүл бурууга аргасыз болобуз. Ошондуктан, шарттуу сөздөрдө туюнтулган каузалдуу байланыштын формализациясы кандайдыр бир деңгээлде маани боюнча байланыштын формализациясы да болуп эсептелет. Казуалдуу байланыштын формализациясынын Боркс тарабынан сунуш кылынган ыкмаларынын бири предикаттарга жаңы логикалык операцияны – каузалдык импликацияны аныктаган аксиоманын эсебин бириктирүүнү шарттайт. Ушундай жол м-н алынган каузалдык импликациянын эсеби үчүн (А^В) Й (АЙВ) формуласы үчүн туура, бирок, (АЙВ) Й (А^В) формуласы үчүн туура эмес (мында ^ белгиси каузалдык импликацияны, ал эми Й – материалдуу импликацияны түшүндүрөт); бул болсо “эгер ..., анда” деген союз каузалдык импликациянын маанисинде түшүнүлгөн кандайдыр бир шарттуу сөздүн чындыгынан бул союз материалдык импликациянын маанисинде түшүнүлгөн сөздүн чындыгын алууга болот дегенди билдирет; тескерисинче болушу мүмкүн эмес: материалдуу импликацияга ээ сөздүн чындыгынан материалдуу импликация каузалдык импликация м-н алмаштырылган сөздүн чындыгын алууга болбойт. Андан сырткары каузалдуу импликациянын эсебинде (А~В) Й (А^В) формуласы туура ж-а (А^В) Й (А~В) формуласы туура эмес (мында ~ белгиси К. И. Льюистин так импликациясын түшүндүрөт, б. а. К. И. Льюистин так импликацияга ээ сөзүнөн каузалдык импликацияга ээ сөз алынат, бирок, каузалдык импликацияга ээ сөздөн каузалдык импликация Казуалдык импликация Льюистин так импликациясы менен алмаштырылган сөз алынбайт. Каузалдык импликация эсебинде логикалык модалдуулуктарга окшоштуруп каузалдуу модалдуулуктарды (каузалдуу мүмкүндүктөр, мүмкүндүк эместиктер, зарылдыктар) чагылдырууга болот. Аларда каузалдуу импликациянын парадоксу деп аталган нерселердин болушу да мүмкүн: каузалдуулук жактан мүмкүн болбогон сөздөрдөн каузалдуу түрдө каалагандай сөздөрдү алууга болот, ал эми ал эми каузалдуу зарыл сөз каалагандай эле сөздөн алынат. Материалдуу импликациянын парадокстору менен К. И. Льюистин так импликациясынын парадоксторуна окшош мүнөздөгү каузалдык импликациянын парадокстору каузалдуу импликациялар түшүнүгү табигый тилдин шарттуу сүйлөмдөрүндө кездешкен себептүү байланышты толук чагылдырбаарын көрсөтөт. Каузалдуу байланыштын формализациясындагы башка багыт болуп мыйзамдарды чагылдырган сөздөрдүн теориясы эсептелет (кара: Номологиялык сөздөр). Логикада себептүү байланыштардын анализи контрфактылык сүйлөмдөрдү талдоого байланыштуу жүргүзүлөт

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]