Казуистика

Википедия дан

Казуистика (лат. casus [conscien-tiae] – белгилүү окуялар) – мораль тууралуу илимдин белгилүү бир шарт-тарда жана окуялардын учурунда жүрүм-турумдун мүнөзүн аныктаган бөлүгү.

Казуистика стоиктер, талмудисттер, схоласттар жана иезуиттер тарабынан иштелип чыккан. Юриспруденцияда казуистика деп айрым окуяларды анын спецификасы менен байланыштырып кароого мүмкүндүк берген мыйзамды издеп табуу аталат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8