Казык өрөөнү

Википедия дан

Казык өрөөнүАлайкуу кырка тоосунун батышында, Кара-Кулжа районунун аймагында. Узундугу 40-50 к*, туурасы 10-15 км. Орточо бийиктиги 2600 м. Тоголок-Таш, Карачомолок, Кызыл-Агын, Миң-Теке, Бугу-Булак ж. б. тоолор менен бөлүнгөн үч өрөөндөн (Чоң Казык, Кичи Казык, Орто Казык) турат. Жогорку бөлүгү жазы, төмөн жагы кууш капчыгайлуу. Негизинен силур менен девондун акиташ теги, сланец, гранит, гнейс тектеринен турат. Жайы салкын (июлдун орточо темпрасы 15°С), кышы суук (январдыкы -13°С). Жылдык жаан-чачыны 450-500 мм. Суулары: Чоң Казык, Орто Казык, Кичи Казык. Токойлуу талаа (2100-2300 м), токой (2300-2900 м), субальп (2900-3200 м) жана альп (3200-3900 м) шалбаалуу талаа ландшафт зоналары мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]