Казып чыгаруу блогу

Википедия дан

Казып чыгаруу блогу – 1) жер астында кенди казуу жолу менен иштетүү учурунда ар түрдүү иштетүү системасынын комплексин колдонуу үчүн бөлүнгөн кендин даярдалган кабат чегиндеги участкасы. Казып чыгаруу блогу узундугу жана бийиктиги, запасы жана бир суткада (же бир айда) казылган көлөмү менен мүнөздөлөт.

2) Көмүрдү жер астында казуу жолу менен иштетүү учурунда адамдарды, материалдарды жана аспаптарды көтөрүп түшүрүү жана забойлорду шамалдатуу үчүн өткөрүлгөн стволдор менен ачылган шахта талаасынын бөлүгү.

3) Кенди жер үстүндө иштетүү учурунда бир экскаватордун. иштеши үчүн даярдалган тектирдин узатасынан алынган бөлүгү.

Анын узундугу иштеп жаткан экскаватордун ташуу жолунун шартына жараша болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.