Каимов, Касым

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Каимов Касым (1926, Талас району – 1989, Бишкек ш.) – жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1976), КМУнун филология факультетин (1955) бүтүргөн. Чыгармачылыгын 1942-ж. ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби “Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-ж. чыккан. Бул жыйнак жазуучунун кадыресе калеми төшөлүп, дитиндеги чыгармачылык максатын эркин туюнта алган калемгер катары көргөзгөн. “Соңку жолугушуу” (1955), “Адашуу” (1957), “Мектеп жолунда” (1958) жыйнактарында жазуучунун сатиралык таланты айрыкча ачылып, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыскылдап сүрөттөгөн. Алдым-жуттумдук, аксымдык, аракечтиктин азабы сыяктуу күндөлүк турмушта кездешчү кемчиликтерди “Начальниктин кабагы”, “Теке сүзгөндө”, “Бөтөлкөдөгү киши” деген сатиралык аңгемелеринде тымызын шылдың, жылма какшык менен кыябына келтире ашкерелеген. Ушундан улам Каимов “Талаа жылдызы” (1964), “Бири-бирине окшобогон күндөр” (1968), “Кыш ыргактары” (1973), “Белгилүү эркек” (1975), “Ийри жылан” (1978) жыйнактарын жарыкка чыгарган.


Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын “Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган. “Кыш ыргактары” повести жазуучунун чыгармачылык жолундагы байсалдуу чыгарманын бири. Бул повестте чабандык кесипти тандап алган жаш үй-бүлөнүн тоо арасындагы турмушу, алардын ички дүйнөсүнүн, нравалык сапаттарынын бышып жетилиши, бийиктөө процесси чеберчилик менен берилген. Каимовдун чыгармачылыгындагы кийинки орчундуу ийгилик “Атай” (1961) романы болду. Чыгарма кыргыз элинин улуу обончусу, залкар комузчу А. Огомбаевдин өмүрүн, чыгармачылыгын көркөм изилдөөгө алып, окуя негизинен Атайдын тегерегинде өнүгөт. Атайдын аң-сезиминин, ырчылык, комузчулук өнөрүнүн, түшүнүгүнүн бийиктеп, тереңдешине аны курчап турган кооз табият көрүнүшү, Талас өрөөнүндө өткөн көп окуялар, чоң таланттар таасир этет. Каимов ошол доордун мүнөзүн Атай аркылуу чыгармада чагылдырууну көздөп, ал жараткан ар бир чыгарманын жаралыш тарыхын кеңири сүрөттөп берген. Жазуучу Атайдын жан дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык процесстерди таамай сыпаттап, анын чыгармачылык жолун өмүр тарыхы менен ажырагыс түрдө көрсөтө алган.

Кийинки жылдардагы Каимовдун чыгармасынын ичинен атайын сөз кылууга арзый турганы – “Акырын күтпө” романы (1984). Чыгарма учурдун талабына ылайык актуалдуу, проблемалардын бири болгон шаар турмушу, андагы тиричиликтин оош-кыйыш учурлары, балдарды тарбиялоо иши сыяктуу маселелер тууралуу кеп козгогон. Романдын идеялык – көркөмдүк негиздерин түзгөн проблема – адам турмушундагы бакыт, анын моралдык маселелери. Каимовдун орус тилинде “Ночь на перевале” (1958), “Атай” (1968), “Маршруты дружбы” (1970), “Степная звезда” (1972), “Жажда” (1985) жыйнактары чыккан. “Ардак белгиси” ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган. Каимов Касым (1926, Талас району – 1989, Бишкек ш.) – жазуучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1976), КМУнун филология факультетин (1955) бүтүргөн. Чыгармачылыгын 1942-ж. ыр, фельетон, очерк жазуудан баштаган. Биринчи китеби “Соңку жолугушуу” деген ат менен 1955-ж. чыккан. Бул жыйнак жазуучунун кадыресе калеми төшөлүп, дитиндеги чыгармачылык максатын эркин туюнта алган калемгер катары көргөзгөн. “Соңку жолугушуу” (1955), “Адашуу” (1957), “Мектеп жолунда” (1958) жыйнактарында жазуучунун сатиралык таланты айрыкча ачылып, турмуштагы терс көрүнүштөрдү мыскылдап сүрөттөгөн. Алдым-жуттумдук, аксымдык, аракечтиктин азабы сыяктуу күндөлүк турмушта кездешчү кемчиликтерди “Начальниктин кабагы”, “Теке сүзгөндө”, “Бөтөлкөдөгү киши” деген сатиралык аңгемелеринде тымызын шылдың, жылма какшык менен кыябына келтире ашкерелеген. Ушундан улам Каимов “Талаа жылдызы” (1964), “Бири-бирине окшобогон күндөр” (1968), “Кыш ыргактары” (1973), “Белгилүү эркек” (1975), “Ийри жылан” (1978) жыйнактарын жарыкка чыгарган. Жазуучунун повесть жанрындагы бурулуш мезгили катары анын “Бири-бирине окшобогон күндөр” повестин көрсөтүүгө болот. Чыгармада Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оорукта калган балдардын турмушу кең-кесири чагылдырылган.


“Кыш ыргактары” повести жазуучунун чыгармачылык жолундагы байсалдуу чыгарманын бири. Бул повестте чабандык кесипти тандап алган жаш үй-бүлөнүн тоо арасындагы турмушу, алардын ички дүйнөсүнүн, нравалык сапаттарынын бышып жетилиши, бийиктөө процесси чеберчилик менен берилген. Каимовдун чыгармачылыгындагы кийинки орчундуу ийгилик “Атай” (1961) романы болду. Чыгарма кыргыз элинин улуу обончусу, залкар комузчу А. Огомбаевдин өмүрүн, чыгармачылыгын көркөм изилдөөгө алып, окуя негизинен Атайдын тегерегинде өнүгөт. Атайдын аң-сезиминин, ырчылык, комузчулук өнөрүнүн, түшүнүгүнүн бийиктеп, тереңдешине аны курчап турган кооз табият көрүнүшү, Талас өрөөнүндө өткөн көп окуялар, чоң таланттар таасир этет. Каимов ошол доордун мүнөзүн Атай аркылуу чыгармада чагылдырууну көздөп, ал жараткан ар бир чыгарманын жаралыш тарыхын кеңири сүрөттөп берген. Жазуучу Атайдын жан дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык процесстерди таамай сыпаттап, анын чыгармачылык жолун өмүр тарыхы менен ажырагыс түрдө көрсөтө алган. Кийинки жылдардагы Каимовдун чыгармасынын ичинен атайын сөз кылууга арзый турганы – “Акырын күтпө” романы (1984). Чыгарма учурдун талабына ылайык актуалдуу, проблемалардын бири болгон шаар турмушу, андагы тиричиликтин оош-кыйыш учурлары, балдарды тарбиялоо иши сыяктуу маселелер тууралуу кеп козгогон. Романдын идеялык – көркөмдүк негиздерин түзгөн проблема – адам турмушундагы бакыт, анын моралдык маселелери.


Каимовдун орус тилинде “Ночь на перевале” (1958), “Атай” (1968), “Маршруты дружбы” (1970), “Степная звезда” (1972), “Жажда” (1985) жыйнактары чыккан. “Ардак белгиси” ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]