Каипов Балташ

Википедия дан

Каипов Балташ (10. 3. 1936, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Көк-Тоңду айылы 23. 1. 1996, Бишкек) – режиссёр, актёр. Кыргыз Республикасынын эл артисти (1999), Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгектин сиңирген ишмер (1974). СССР кинематографиясынын (1982), кыргыз телекөрсөтүү жана радио уктуруусунун (1988) отличниги. 1957-ж. Москвадагы А. В. Луначарский атындагы Мамлекеттик театр искусствосу институтун (ГИТИС) бүтүрүп, ошол эле жылы Кыргыз драма театрына кирген. 1958-ж. жаңыдан уюшулган Кыргыз телекөрсөтүүсүндө режиссёр, кийин башкы режиссёр (1961-67), кинотоптун режиссёру (1967-72), 1972-жылдан студиянын көркөм жетекчиси, башкы режиссёру, режиссёр-коюучу болуп эмгектенген. «Сайра комуз», «Тогуз кайрык» аттуу телефестивалдарды тарткан. «Алымкан» көркөм фильминин (1965-ж. тартылган, 1966-ж. Киевде өткөн телефильмдердин Бүткүл союздук фестивалынын сыйлыгын жеңип алган), «Талаа кубанычым менин» (1965), «Комуз» (1968) ж. б. даректүү телефильмдердин, «Манас», «Токтогул» (1968) музыкалык спектакль-фильмдердин, ошондой эле 60тан ашык адабий-телекөрсөтүүлөрдүн режиссёру. Б. Каипов актёр катары Ү. Ибраимовдун «Декан» көркөм фильминде декандын, Ж. Сооданбектин «Процесс» фильминде соттун, М. Убукеевдин «Элет романы» фильминде генералдык прокурордун, 3. Эралиевдин «Шайтандын мөөрү» фильминде райком секретарынын, өзү тарткан «Алымкан» фильминде манаптын ролун аткарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]