Кайдуу уулу Чоко

Википедия дан

Чоко Кайдуу уулу (болжол менен 1855/56, Ысык-Көл өрөөнү - 1914/15, Ат-Башы өрөөнү) - сарыбагыш уруусунан чыккан ири манап.

1870-80-ж. Верный (азыркы Алматы) шаарындагы эркектер гимназиясын бүтүргөн. Көптөгөн эскерүүлөрдө Ч. билимдүү, түз сүйлөп-түз жүргөн, бирөөгө катуу айтпаган, акылдуу адам болгону айтылат. Болуштук түзүү, болуштарды шайлоо, жер чектерин ажыратуу, жерди мамлекеттик менчикке өткөрүүдөгү кемчиликтерди сынга алган. Анжиян көтөрүлүшүнөн (1898) кийин жергиликтүү калктын ичинен кооптуу деп саналгандардын тизмесине кирип, Оренбург губерниясына көчүрүлгөн. Кайтып келгенден кийин саясий иштерге аралашууну токтотуп, негизинен жөнөкөй аласа-бересе маселелерин чечип, аш-тойлордо кеңеш берип калган. Чоң аштардан Бекчоро Байтерек уулу (1911), Шабдан баатырдын (1913) аштарын башкарган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4