Кайноо реактору

Википедия дан

Кайноо реактору - активдүү зонасы кайнап турган жылуулук ташыгыч менен муздатылуучу ядролук реактор.

Кайноо реакторунда жылуулук ташыгыч катары кайнак суу керектелет. Кайноо реактору реактор иштеп чыгарган буу турбинага туз жиберилүүчү атом электр станциясынын бир контурлуу схемасында пайдаланылат. Суу кайнаган убакта активдүү зонада жылуулуктун кеп бөлүнүп чыгышы бул зонада жогорку кубаттуулукту алууну камсыз кылат.

Кайноо реактору корпустуу жана каналдуу болуп айырмаланат. Корпустуу реактордо кайнап жаткан суу жайланткыч болуп да эсептелет, ал эми каналдуу реактордо суу жайланткыч блогунун ичине жайгаштырылган каналдардын ичинде кайнайт. Буу-суу аралашмасын ажыратып болуу реактордун корпусунда же барабан-сепаратордо иштелет. Сепарацияланган (ажыратып бөлүнгөн) суу азыраак суу менен аралаштырып, активдүү зонанын бууланткыч бөлүгүнө жиберилет да, анда кайрадан кайнатылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.