Кайрагач тургун жайы
Кайрагач тургун жайы – б. з. 1-6-кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Лейлек аймагындагы Кайрагач кыштагына жакын Кожо-Бакырган-Сай суусунун сол өйүзүндөгү кууш тектирчеде жайгашкан. Ал төрт чарчы үлгүсүндө, 6 бөлмөдөн турган имарат. Ар кандай мезгилдерде курулган турак жайлар, чарбалык жана сыйынуучу жайлар бирдиктүү архитектуралык комплексти түзөт. Ар кандай көлөмдөгү бөлмөлөрдүн бардыгы коридорго тегерете курулган. Бөлмөлөрдүн аянты 13-15 м2, айрымдары гана 25 м2. Имараттын астында түштүктөн түндүктү карай төмөндөп, сууга чыккан тепкичтүү өткөөлү, чыгыш бөлүгүндө көлмөлөрү бар чоң короосу, борбордук бөлүгүндө 5 бөлмөдөн турган храм болгон, алардын үчөө биринен бирине өтүүчү эшик аркылуу байланышкан. Имарат суу менен жакшы камсыз кылынып турган. Адамдардын ар кандай бейнелери, бетине тамга басылган карапа идиштер жана терең кудук табылган. Эстеликти 1958-ж. археолог Ю. А. Заднепровский ачып, 1969-ж. Г. А. Брыкина изилдеген.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5