Кайра куруу

Википедия дан

Кайра куруу (1985-91) – СССРде М. С. Горбачевдун демилгеси менен жүргүзүлгөн саясий жанаэкономикалык реформалар. Кайра курууга партиянын эски кадрлары каршы турган, анткени бул система негизинен СССРдин тоталитардык системасын өзгөртүүгө багытталган. Маалымат каражаттары айкындуулук алып, саясий плюрализмге, кансыз согуштун аякташына, ошондой эле экономиканын, айыл-чарба кризисине, улуттар аралык чыр-чатактарга алып келген [к. Желтоксан (Декабрь) окуясы; Карабах жаңжалы (1988)]. Системалык кризистен чыгуу үчүн кескин чараларды көрүү талап кылынган. Мындай кырдаалда 1985-ж. 11-мартта КПСС БКнын Генералдык секретары болуп М. С. Горбачев шайланган. Жаңы башчы «өнүккөн социализмди» жаңылануу процессинен көргөн. Ушуга байланыштуу өлкөнүн экономикасын кайрадан куруп чыгуу концепциясын иштеп чыгуу каралган. 1985-ж. ичкиликке каршы өнөктүк башталып, күч колдонуу менен арак-шарап чыгаруу азайтылып, жүзүмзарлар кыйылып жок кылынган. Жогорку бийликтегилер алмаштырылып, «кадрдык революция»башталган. 1985-91-жылдары КПСС БКнын мүчөлөрүнүн 85% и жаңыланган. Партия менен өкмөт жетекчилигине жаңы адамдар: Н. И. Рыжков, Б. Н. Ельцин, Э. А. Шеварднадзе, A. Н. Яковлев ж. б. келишкен. КПСС БКнын 1987-ж. Январь пленумунун чечимине ылайык демократия жана айкындык жарыяланган. Кайра куруу процесси театр, кино, телекөрсөтүүлөрдүн программаларына өз таасирин тийгизген. Сталиндик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча 1987-ж. A. Н. Яковлев жетектеген комиссия түзүлгөн. Комиссия 20-30-жылдары саясий процесстерде курман болгондордун иштерин карап чыккан. Курман болгондорду комиссия 1989-ж. толук актаган. Ошондой эле айыл-чарбасын коллективдештирүү мезгилинде дыйкандарга болгон репрессия мыйзамсыз деп табылган. 1988-ж. партиянын бүткүл союздук 19-конференциясынын чечимине ылайык бийлик партияга эмес, Советтерге тиешелүү болуш керек деп эсептелген. Бийликтин жогорку органы эл депутаттарынын съезди болуп калды. Ушул максатта Генералдык секретарынын жана СССР Жогорку Советинин төрагалык постторун бириктирүү каралган. 1989-ж. май айында эл депутаттарынын 1-съезди болуп, ал эбегейсиз зор коомдук кызыкчылык жараткан. Съездде ар түрдүү саясий фракциялар түзүлгөн. 1990-ж. март айында эл депутаттарынын кезексиз 3-съездинде М. С. Горбачев СССРдин Президенти болуп шайланган. Ушул эле съездде СССР Конституциясынын 6-статьясы алынып, бул статья өлкөнүн турмушунда КПССтин жетекчилик ролун мыйзам түрүндө бекиткен. Коомдук турмушту демократиялаштыруунун натыйжасында өлкөдө кыймылдар менен партиялар пайда боло баштады. Коомдук саясий кыймылдардын эң барандуусу Элдик фронттор болду. Союздук республикадагы Элдик фронттор [«Саюдис» (Литва), «Рух» (Украина) ж. б.] өз элдеринин улуттук жана маданий кайра жаралуусу үчүн СССРден чыгуу жөнүндө талаптарды ачык эле коё баштады. 1985-91-жылдарда КПССтин катарынан 5 млн адам чыккан. Партияда консервативдик жана радикал реформачыл топтор пайда болгон. Өлкөнүн экономикасын кризистен алып чыгуу үчүн Н. Рыжков, Г. Явлинский ж. б. өздөрүнүн программаларын сунуштап, кыска мөөнөттө менчиктештирүү жүргүзүп, рыноктук мамилелерге өтүү белгиленген. Президент М. С. Горбачев компромисстик вариантты тандаган. Улуттар аралык мамилелер кескин курчуп кеткен. 1989-90-жылдарда союздук республикаларда жогорку бийликке шайлоолор жүрүп, улуттук элитанын өкүлдөрү жеңип чыккан. 1991-ж. 12-июнда Россияда президенттик шайлоо болуп, Б. Н. Ельцин жеңишке жетишкен. 1991-ж. жай мезгилинде Союздук респларда эгемендик жөнүндө мыйзам кабыл алынып, республикалык мыйзамдар жалпы союздук мыйзамдан жогору турат деп жарыяланган. Мындай шарттарда жаңы союздук келишим гана өлкөнүн биримдигин сактап калмак. Келишимге кол коюу 1991-ж. 20-августунда белгиленген. Кыргызстанда Кайра куруу процессинде бүтүндөй өлкө боюнча партиялык жетекчиликти жаңылоо жүргөн. 1985-ж. чейрек кылымга жакын Кыргызстан КП БКны жетектеген Т. Усубалиев кызматынан бошотулуп, ордуна А. Масалиев шайланган. 1989-ж. 23-сентябрда Кыргыз ССР Жогорку Совети Кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган. Анда кыргыз тили мамлекеттик тил деп жарыяланып, орус тили улуттар аралык катнаштын тили катары таанылган. Республикадагы ишканалардын, айыл-чарба өндүрүшүнүн өз алдынчалыгы кеңейтилип, алар өзүн-өзү актоонун, башкаруунун, финансылоонун негизинде толук чарбалык эсепке өтө баштаган. 1991-ж. 7-августта Кыргызстанда рынок экономикасына өтүү боюнча мыйзам кабыл алынып, анда мамлекеттикжана коммуналык ишканаларды ижаралык, мамлекеттик акционердик жана коммерциялык коомдорго айландыруунун жолдору аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]