Кайруу

Википедия дан

Кайруу, кайрык - күүнүн сюжеттик өнүгүшүндөгү улам кайталануучу туруктуу мотив. Кыргыз эл күүлөрүнүн бир түрү.

Комузда, кыл кыякта, ооз комузда аткарылат. Алардын жалпы түзүлүшү (курулушу) жагынан ачык-айкын, кайруулары чакан, профессионал музыкадагы аспаптык вариацияларга окшош. Күүнүн ички өнүгүшүнө негиз болуучу бөлүмдүн улам кайталанып чертилишине, аткаруу ыктарына мазмунуна жараша «Кош кайрык», «Салтанаттуу кайрык» өңдүү түрлөргө бөлүнөт. Кайруунун айрымдары нотага түшүрүлүп, аспаптар үчүн иштелип чыккан. Кээ бир Кайруу кыргыз музыкасынын жана күүлөрүнүн антологиясына кирген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.