Кайсы жердесин, ыйа, бир тууган?

Википедия дан

"Кайсы жердесин, ыйа, бир тууган?" (англ. O Brother, Where Art Thou?) - 2000-жылы чыккан кызыктуу окуялуу тасма. Тасманын продюсерлери жана директорлору: Жоэль менен Этан Коэндер, тасмада тартылган актерлор: Жорж Клуни, Жон Туртурро жана Тим Блейк Нелсон, ошондой эле Жон Гудмен, Холли Хантер, жардамчы ролдордо: Чарльз Дурниң. Тасманын окуясы 1937-жылдагы Улуу депрессия учурунда, Миссисипидеги айылдык аймакта орун алган. Бул тасма айрым учурларда Гомердин "Одиссея" поэмасына окшош болгон заманбап сатирасы. Тасманын аталышы 1941-жылы чыккан "Салливандын сапары" (англ. Sullivan's Travels) тасмасынан келип чыккан, анда башкы каарман (режиссер) "Кайсы жердесин, ыйа, бир тууган?" аталыштагы Улуу депрессия жөнүндөгү көркөм китеп боюнча тасма тарткысы келген.

Тасмада ойногон музыка фолк музыка дооруна таандык, анын ичине Ральф Стэнлинин "Вирджиниянын көдөө чөбү" (англ. Virginia bluegrass) ыры да кирет. Тасмага муңдуу сепия түсүн бериш үчүн санариптик түстү оңдоо ыкмасын колдонгон биринчи тасма болгон. Тасма жана анын анын "Кайсы жердесин, ыйа, бир тууган?" саундтреги киносынчылар тарабынан жогору бааланып, 2001-жылы "Грэмми" сыйлыгынын "Эң мыкты альбом" номинациясын уткан. Ырды ырдаган топ жана фолк жанрынын музыканттары тасма чыгаары менен популярдулукка жеткен, алардын ичинде: Жон Хартфорд, Элисон Краусс, Эммилоу Харрис, Жиллиан Уэлч, Крис Шарп жана башкалар. Ырчы жана музыканттар баары чогулуп, тасмада болгон баардык ырларды TV жана DVD дискке жаздырылган концерт турунда аткарышкан.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]