Кайталанбас процесс

Википедия дан

Кайталанбас процесс — белгилүү багытка гана карай өзүнөн өзү жүрүүчү физикалык процесс.

Кайталанбас процесстерде система баштапкы абалына өзгөрүүсүз кайрылып келиши мүмкүн эмес. Аларга төмөнкүлөр кирет: диффузия, жылуулук өткөргүчтүк, жылуулук диффузиясы, илээшкек агым, газдын боштукта кеңейиши ж. б.

Бардык Кайталанбас процесстер тең салмаксыз процесс болуп эсептелет. Кайталанбас процесстер тең салмаксыз процесстердин термодинамикасы жана тең салмаксыз процесстердин теориясынын жардамы менен изилденет.

Кайталанбас процесстердин термодинамикасы ар түрдүү. Кайталанбас процесстер үчүн тең салмаксыз абалдын параметрлерине көз каранды системада энтропиянын болушун аныктоого мүмкүн, ошондой эле параметрдин өзгөрүшүн көрсөтүүчү теңдемелерди (мисалы, диффузиянын, жылуулук өткөргүчтүктүн теңдемелерин) алууга болот.

Кайталанбас процесстердин статикалык теориясы мол. турактуу чоңдуктар аркылуу кинетикалык коэффициенттердин туюнтмасын алууга мүмкүндүк берет. Бардык реалдуу физикалык процесстер кайталанбайт жана алар туюк системада жүргөндө энтропия көбөйөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.