Кайталанма процесс

Википедия дан

Кайталанма процесс — термодинамикада бардык болуп өткөн процессти ирети менен карама-каршы багытта кайталап жүргүзүүгө мүмкүн болгон процесс. Тең салмактуу процесс гана Кайталанма процесс болушу мүмкүндүк Кайталанма процесс термодинамикалык чоңдуктардын (тыгыздык, басым, темпра) жай өзгөрүшү менен мүнөздөлүп, квази тең салмактуу процесс деп аталат. Анын кайталануусу процесстин түз же тескери багытта өтүшүнө көз каранды эмес. Кайталанма процесс термодинамикалык тең салмактуулуктун негизги түшүнүктөрүнүн бири. Кайталанма процесстин негизинде термодинамиканын 1 жана 2-башталышы менен аныкталат. Кайталанма процесстин макроскопиялык теориясы статикалык физика бөлүгүндө каралат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]