Кайталанма өндүрүш

Википедия дан

Кайталанма өндүрүш - (воспроизводство) - үзгүлтүксүз уланып, кайталанып, жаңырып туруучу өндүрүш процесси.

Материалдык байлыкты, жумушчу күчүн, өндүрүш мамилелерин кайта-кайта өндүрүүнү камтыйт. Кайталанма өндүрүш түрдүү тарыхый шартка жараша ар кандай болот. Өндүрүш процесси өзгөрүлбөй кайталанса, жөнөкөй Кайталанма өндүрүш, улам арбытылып кайталанса, кеңири Кайталанма өндүрүш деп аталат.

Жөнөкөй Кайталанма өндүрүш капитализмге чейинки коомдорго таандык.Капитализм учурунда материалдык байлыктар гана эмес, капитал менен кошумча нарк да кайра-кайра өндүрүлүп турат. Кошумча нарк алуу жана пайда табуу далбасасы, конкуренция капиталисттерди өндүрүш процессии бир калыпта гана өөрчүтө бербей, улам кеңейтип өөрчүтүүгө аргасыз кылат. Капит. коомдо жумушчу күчү да кайра өндүрүлүп отурат, б. а. жалаң кызмат акысы (айлыгы) менен гана жан баккан жалданма жумушчулар күнүмдүк оокаттын айынан кара күчүн капиталистке кайра-кайра сатууга мажбур болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.