Кайта чакыртып алуу

Википедия дан

Кайта чакыртып алуу - шайлоочулардын өз өкүлдөрүнүн, кандайдыр бир шайлануучу кызмат адамынын жана жаңы шайлоолордун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу процедурасы.

Алгач мыйзамда көрсөтүлгөн көлөмдөгү кол чогултуш керек, андан кийин изилденип жаткан шайлоолорду кайта чакыртып алуу процедурасын тастыктоого добуш берүү жүргүзүлөт. Бул процедура АКШ-нын 15 штатында жана көптөгөн шаарларында таркаган, ошондой эле өзгөчөлөнбөгөн чечим чыгарган сотторду жана коррупция боюнча жоопкерчиликке тартылган мэрлерди кайта чакыртып алуу көп учурда байкалган. Негизинен кайта чакыртып алуу аракеттери жергиликтүү башкаруу деңгээлинде эффективдүү, бирок, жалпы улуттук кызматка ээ болгон адамдарга карата бул процесс процедуралардын татаалдыгына байланыштуу оорчулукту туудурат (мис., АКШда 1921-ж. бир гана ирет губернаторду кайта чакырып алышкан). Ошону менен бирге бул процесстин потенциалдуулугу бийликти кыянатгык менен колдонгондорго, өзгөчө компетенттүү эмес же эффективдүүлүгү жок башкарууну токтотууга карата ишенбөөчүлүк билгизүү практикасы жок саясий системаларда көрүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8