Кайф

Википедия дан

«Кайф» (араб. كايف) — Бул сөз арабдардын «кэф» – «бош отургандагы жагымдуу убакыт» дегенинен келип чыгып, дүйнөгө «кайф» деген аталышта тараган. Орусияга бул сөз XIX кылымдын башында келип жетип, пассивдүү эс алуунун түрлөрүнө карата колдонула баштаган. Мисалы, тамеки чегип, чай же шарап ичип отуруп кыялга баткан убактарга карата. Ал эми Кыргызстанга Орусиядан келип жеткен. Октябрь революциясынан кийин бул сөздү колдонууга тыюу салынып, бара-бара эскирген сөз катары колдонула баштаган. «Кэфтин» кайра жаралуусу 1957-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнөлүк жаштар жана студенттердин фестивалына таандык.Ал кезде чет элдик сөздөрдү кошуп сүйлөө мода болгон. Андыктан «кайф» сөзү «жынсы», «рок-н-ролл» менен катар полулярдуу болуп кеткен. Учурда бул сөз жаргон катары кабыл алынат.