Кайчылаш себүү
Көрүнүш
Кайчылаш себүү – айыл-чарба өсүмдүктөрүн (негизинен дан эгиндери жана тоют өсүмдүктөрүн) эгүү ыкмасы; себилүүчү үрөндүн жарымы айдоону бойлой узатасынан, экинчи жарымы туурасынан себилет. Мында үрөн айдоого текши себилип, түшүм жогорулайт. Мында суу топуракты аз агызат, бирок эмгекти көп талап кылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5