Кайчылаш түз сызыктар

Википедия дан

Кайчылаш түз сызыктар – мейкиндиктеги бир тегиздикте жатпаган, кесилишпей турган, жарыш (параллель) эмес түз сызыктар. Эгер эки түз сызыктын бири тегиздикте жатса, экинчиси биринчи түз сызыкка тиешелүү эмес чекитте тегиздикти кесип өтсө, анда берилген түз сызыктар кайчылашат. Кайчылаш түз сызыктар а жана b аркылуу бир гана түгөй параллель тегиздик a жана b (ае а, be в) жана өз ара бири бирине перпендикулярдуу көптөгөн түгөйлөш тегиздиктер жүргүзүлөт. Параллель эки а жана в тегиздиктин арасындагы аралык Кайчылаш түз сызыктардын ортосундагы аралык деп аталат. Эгер а, b, с түз сызыктары түгөйлөш Кайчылаш түз сызыктар болсо, анда 3 кыры берилген 3 түз сызыкта жаткан бир гана параллелепипед түзүлөт. Ал эми төрт а, b, с, d түз сызыктары түгөйлөш кайчылашса, анда ошол төрт түз сызыкты тең кесүүчү түз сызыкты түзүүгө болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]