Кайчы гүлдүүлөр

Википедия дан

Кайчы гүлдүүлөр, капусталар (Brassicaceae, Cruciferae) – өсүмдүктөрдүн жабык уруктуулар тукуму. Көбүнчө чөп, кээде бадал же чала бадал. Жалбырагы кезектешип жайгашкан. Топ гүлү көбүнчө чачыдай, эки жыныстуу, 4 мүчөлүү, алар бири бирине кайчы жайгашкандыктан, Кайчы гүлдүүлөр деп аталат. Мөмөсү саадак же саадакча. Айрым түрүнүн мөмөсү бир уруктуу, ачылбай турган жаңгакча. Кайчы гүлдүүлөр тукумунун 500дөн ашык урууга кирген 3000дей түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 130 уруусунун 800 түрү, Кыргызстанда 68 уруусунун 200 түрү өсөт. Кайчы гүлдүүлөрдүн көпчүлүгүндө кескин жыттуу эфир майлары болот. Алардын пайдалуу түрү көп. Кайчы гүлдүүлөр жашылча (капуста, брюква, чамгыр, шалгам), май алуу үчүн (ындоо, кычы), тамакка жакшы кош даам, жыт берүү үчүн (хрен, кызыл гүл, катыраң, горчица), дары (койчу баштык), ошондой эле тоют, боёк алуу үчүн жана гүлзарларда кооз өсүмдүк катары өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]