Кайырма

Википедия дан

Кайырма – обонго кошулуп ырдалуучу ырдын ар бир куплетинен кийин улам кайталанып туруучу ыр саптары. Мисалы, А. Токомбаевдин «Компартия» деген обонго салынган ырында төмөнкү ыр саптары ар бир куплеттен кийин кайталанып турат:

Мына нурдуу Лениндик кызыл туу,
Компартия бийик кармап баратат.
Ушул туунун шооласынан өркүндөп,
Бүт дүйнөгө өчпөс эрктин таңы атат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]