Кайырма (соно)

Википедия дан
Anas platyrhynchos
Anas platyrhynchos

Кайырма (соно) Anas platyrhynchos - өрдөктөр тукумундагы куш. Дене узундугу 60 см, салмагы 0,8-1,4 кгга жакын. Жазында кайырманын эркеги кооз, башы, мйну кочкул жашыл, канатында кызгылт көк сызыгы бар, жайында соносуна(ургаачысына) окшош. Европа, Азия жана Түштүк Америкада кеңири таралган. Кышында жылуу өлкөлөргө учуп кетет. Суу боюна уялайт, соносу 8-14жумуртка тууп, 26-28 күн басып чыгарат. Жеми - суу өсүмдүгү, уруктар жана майда омурткасыздар. Кайырмадан бакма өрдөк келип чыккан. Аңчылык кылынат.