Кайыңды, кырка тоо

Wikipedia дан

Кайыңды кырка тоосу - Борбордук Теңир-Тоодогу Кайыңды жана Көйкап сууларынын аралыгында. Меридиан кырка тоосунан бөлүнүп, Сарыжаз капчыгайына чейин созулат. Узундугу 66 км. Эң жазы жери 14 км. Орточо бийиктиги 4900 м, эң бийик жери 5721 м. Рельефи альп тибинде, капталдары капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Чыгыш тарабы бийик, мөңгүлүү; батышка карай басаңдап, Карарча ашуусунун жанында 3000 мге чейин жапыздайт. Андан батышка кайра бийиктеп, 5000 кмге жеткен Үччат-Кумар тоосу менен бүтөт.

Негизинен палеозой заманында пайда болгон чөкмө жана магма тоо тектерден турат. Этегинде неогендин конгломераттары, кырларында герциндин гранит диорит интрузиялары бар. Азыркы мезгилдин да тез көтөрүлүп жаткан горст-антиклиналдык түзүлүш. түндүк капталына шалбаалуу талаа, шалбаалуу токой, субальп, альп шалбаасы жана субнивалдык нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү, түштүгүндө шалбаалуу токой жана субальп ландшафттары кездешпейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]