Кайыңды горнблендит кени

Википедия дан

Кайыңды горнблендит кениТалас облусунун Кара-Буура районунда, Арал кыштагынан 4 км түндүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Кичи Кайыңды суусунун ортоңку бөлүгүндө. 1977-78-ж. геологиялык изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагында ордовик мезгилинин аягында жиреп чыккан горнблендит интрузиясы жатат. Интрузия туурасы 300-600 м, узундугу 2,5 км аянтты ээлеп, түндүк-батышка созулат. Горнблендит кара түстө, түрдүү кристаллдуу роговая обманка минералынан турат. Жаракалуу болгондуктан, 0,3-0,9 м3 блок алууга болот. Жакшы сайкалданып, күзгүдөй жалтырайт. Запасы 15 млн м3. Дубалдарды кооздоп каптоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]