Кайыңды гранит кени

Википедия дан

Кайыңды гранит кени – Талас облусунун Кара-Буура районунда, Арал кыштагынан 2 км түштүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Сөгөттү жана Кичи Кайыңды сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 1300-1370 м бийикте. 1979-ж. Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кендин аймагын ордовик мезгилинде жиреп чыккан диорит, гранодиорит жана силурдун гранит интрузиясы түзөт. Кен бири биринен 150-200 м аралыкта жайгашкан эки участкага бөлүнөт. Биринчиси алгачкы ордовик мезгилиндеги боз түстүү гранодиорит комплексинен, экинчиси силур мезгилиндеги кызгылт түстүү гранит комплексинен турат. Физикалык-механикалык касиеттери боюнча гранодиорит менен гранит дубалдын ичи-тышын кооздоп каптоого жарамдуу. Блоктордун чыгышы 62%, көлөмү 10-20 м3, оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Тактанын чыгышы: калыңдыгы 30 мм болгондо 13,1 м23, 40 ммде 9,9-10,22 м23. Боз гранодиориттин А категориясы боюнча запасы 1259 миң м3, В -1499 миң м3, Cj-1776 миң м , А+В+С^ 4534 миң м ; кызгылт граниттики А 452 миң м3, В 1551 миң м3, С1 2548,6 миң м3, А+В+С1 -4551,6 миң м3. Бардыгы 10085 миң м3. Кен казылып алынууда. 1996жылга карата запасы: боз гранодиориттики А+В+С1 4453 миң м3, кызгылт граниттики А+В+С1 4416 миң м3.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]