Кайың-суу кени

Википедия дан

Кайың-суу кени - Чаткал районундагы чопо кени жаткан жер. Каныш-Кыя айылынан 1,5 км түндүк тарапта, Чаткал кырка тоосунун түндүк этегинде жайгашкан.

1982-жылы табылган. Кен аймагында антропогендин борпо чөгүндү тоо тектери кенири таралган. Чопо катмары элювий чөгүндүсүнөн пайда болуп, өү саргыч күрө, боз. Калыңдыгы 0,8-8,8 м, узундугу 1,5 км. Гранулометриялык курамында: күлбото 41-44%, кумдуу чопо 18-22%; глинозём 10,8-14,6%, карбонаттар 13,1-16,3%. Нымдалганда жакшы чоюлат. Суу сиңиримдүүлүгү 24,5-30,1%. Запасы 219 ми м3. Чопо «100» маркасындагы кыш даярдоого жарамдуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6