Каканак суусу

Википедия дан

Каканак суусу түйүлдүктү кысылуудан жана сырткы урунуудан коргоп, анын кадимкидей өөрчүшүнө шарт түзөт; киндиктин басылып, андагы кан тамырлардын кысылып калышынан сактап, түйүлдүккө кычкылтек менен азык заттын үзгүлтүксүз келип турушун камсыз кылат, ошондой эле түйүлдүк эркин кыймылдайт. Төрөт убагында ал жатын моюнчасынын физиологиялык ачылышына түрткү берет. Каканак суусунун төрөткө чейин агып чыгышы түйүлдүктүн өмүрүнө коркунуч туудуруучу кабылдоолорго алып келет, жатынга инфекциянын киришине шарт түзүлөт. Ошондуктан каканак суусу ага баштаганда дароо төрөт үйүнө келүү керек.

Каканак суусунда түйүлдүктүн зат алмашуусунун продуктусу болот. Ошондуктан анын составын изилдөө түйүлдүктүн абалын так билүүгө жана керек учурда тийиштүү жардам берип, анын нормада өөрчүшүнө түрткү берет. Кош бойлуулуктун акыркы мезгилинде каканак суусу 0,5—1,5 лге жетет: анын аз болушу түйүлдүктүн кээ бир майыптыгына, ал эми көп болушу кош бойлуулуктун жана төрөттүн кабылдоолоруна (мисалы, төрөттүн кыйындашы, кан агуу жана башка) алып келет. Ошондуктан каканак суусу көп болсо кош бойлууну ооруканага жаткырып дарылайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8