Какеев Аскар Чукутаевич

Википедия дан


Какеев Аскар Чукутаевич - (1935-жылы 10-декабрда төрөлгөн, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы - 2021-жылы 25-апрелде Бишкекте каза болгон) – коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993). Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын академиги (1993), КРеспубликасынын илимге эмгектин сиңирген ишмери (1995). Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2002). Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин биология факультетин бүтүргөн.

Кыскача өмүр тажымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1958–60-жылы Кыргызстандын ички иштер министрлигинин архив фондусунда микрофото көчүрмө лабораториясында улук илимий кызматкер болуп иштеген.
1960–63-жылы Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институтда аспиранты, 1963-жылдан ошол эле институнда улук илимдер кызматкер.
1968-жылдан Кыргыз мамлекеттин айыл чарба институнда философия кафедрасынын башчысы. 1980-жылдан ушул эле институтта партия комитетинин катчысы.
1984–88-жылы Кыргызстан Компартия БКнын илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысына басар.
1989-жылдан Кыргызстан ИАнын Философия жана укук институнун (1992-жылдан Философия институ) директору.
1992-жылдан декабрынан Кыргыз Республиканын президенттик аппаратынын жетекчиси – мамлекеттик катчы.
1993-жылдан Кыргыз Республиканын элге билим берүү министри.
2000-2005-жж. Жусуп Баласагын атындагу КУУнун ректору, Кыргыз Республиканын Президентинин кеңешчиси болгон.
2005-жылдан Б.Ельцин атындагы Кыргыз Орус славян университетинде кафедра башчысы болгон.
Ал 2021-жылы 25-апрелде Бишкекте каза болгон. Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилген.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал кыргыз философиясы, кыргыз коому жана саясаты жаатында 100дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, 5 окуу китеп) автору.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Ардак Белгиси»,
  • 3-даражадагы Манас ордендери менен сыйланган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызсгандын коомдук ойлоосунун тарыхын изилдөөнүн жаңы багыггары. Б., 1991;
  • Азыркы Кыргызстан: ачык коомго карай. Дж. Соростун философиясы жөнүндө. Б., 1994;
  • Кыргызстандагы философиялык ойлор. Б., 1995;
  • Ордо оюну Кыргыз мамлекетинин модели, үлгүсү, тоолор философиясы. Б., 2001.
  • Какеев А.Ч. Улуттук ордо оюну – байыркы кыргыз мамлекетинин үлгүсү // Материалы конференции “Современное состояние и перспективы развития национальной физической культуры” (15-16 октября 2005 г.). – Б., 2005. – Б. 116-120.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]