Какмачы

Википедия дан

Какмачы - мергенчилик кылууга же аң уулоого жардамчы катары катышкан адам. Ал айрым учурларда жандооч, айдооч деп да аталат. Кыргызда «Жандоочу кийик аттырат» деген макал бекер жеринен айтылган эмес. Какмачы кайберенди же илбээсинди акмалап жаткан мергенчилерге карай сүрүп берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]