Какырым

Википедия дан

Какырым — кыргыздын байыркы салттуу тамактарынын бири. Хакас жана туваларда бул тамак «хахырым» деп аталары маалым. Какырым күз жана кыш айларында денеге жагымдуу, айрым учурларда дарылык касиети бар тамак катары пайдаланылат. Бул тамакка ченемине жараша катыкталган айран же эзме курут, сары май, туз, пияз жана башка татымалдар кошулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]