Калак

Википедия дан

Калак - уч жагы жалпак, жука миздүү, саптуу күрөк сымал жыгач курал. Калак абдан көп көлөмдө камыр жууруганда, бозонун шагын аралаштырганда жана кайнатканда, эжигей бышырганда, курут даярдаш үчүн сүзмө менен эжигейди аралаштырган- да, шакар кайнатып самын уптаганда жана башка колдонулат. Кыска саптуу жазы калак очоктон, тандырдан күл чыгарууда пайдаланылат. Калак - сууда сүзүүчү кайыктын эки шилегичин да туюнтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]