Калак бут куштар

Википедия дан

Калак бут куштар (Peleanitares) – сууда сүзүүчү куштардын түркүмү. Манжалары сүзгүч жаргакча менен капталган. Тамагында баштыкчасы бар, жүнү калың. 6 тукуму, 55 түрү белгилүү. Моногамдар. Эркек, ургаачысы экөөлөп балапан басып чыгарат. Негизинен балык ж. б. суу жаныбарлары менен азыктанат. 5 түрү, 1 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]