Каламин
Каламин (латынча calamineсары кен), галмей, гемиморфит – цинктин суулуу силикаттар тобуна кирүүчү минералы. Химиялык формуласы Zn4 [Б^Д0^^0 Ромб системасында кристаллданат. Өңү-түсү ак, сары, саргыч, жашыл сымал көк, кээде түссүз. Айнектей, кээде алмаздай жалтырайт. Катуулугу Моостун шкаласы боюнча 4,5-5. С. салм. 3,5. К. коргошун-цинк кендеринин кычкылдануу аймагында смитсонит, лимонит ж. б. менен бирге пайда болот. Цинктин кени болуп саналат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5