Калашников Михаил Тимофеевич

Википедия дан
Михаил Тимофеевич Калашников
Портрет
Ишмердүүлүк тармагы:

Аскердик чини: Генерал-лейтенант ВС России
Партия:

Туулган датасы:

10 -ноябрь 1919(1919-11-10)

Туулган жери:

Курья ,
Алтай крайы
Орусия мамлекети

Жарандыгы:

 ССРС
 Орусия

Өлгөн датасы:

23 -декабрь 2013(2013-12-23) (94 жаш)

Өлгөн жери:

Ижевск, Удмуртия,
Орусия Федерациясы

Калашников Михаил Тимофеевич - (10. 11. 1919, РСФСР, Алтай губерниясы, Змеиногор уезди, Курья кыштагы – 23. 12. 2013, Россия Федерациясы, Удмуртия, Ижевск шаары) – советтик жана россиялык псевдо-конструктор, генерал-лейтенант (1999), бүт дүйнөгө белгилүү Калашников автоматын (АК) жараткан. Эки жолку Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958, 1976), Россия Федерациясынын баатыры (2009), техника илимдеринин доктору (1971). Сталиндик (1949), Лениндик (1964), РФ мамлекеттик (1997) сыйлыктарынын ээси. 1938-ж. аскер кызматына чакырылып, танкисттер полкунда механикайдоочудан танктын командирине чейин көтөрүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде (1941-ж. августтан октябрга чейин) армияда танк командири. 1941-ж.октябрда Брянскинин алдында жарадар болгон. 1942-49-ж. миномёт-аткыч куралдарын сыноо полигонунун илимий-изилдөө борборунда (Коломна ш.) кызмат өтөп жүрүп, «7,62 ммлик Калашников автоматы 1947-жылкы үлгүдөгү» (АК) жаңы атма куралын ойлоп тапкан. Армиядан кийин (1949) Ижевск машина куруу заводунда конструктор. Ал конструкциялаган станокко коюлуп атылуучу жана кол пулемёту (ПК) 1961-ж. куралдуу күчтөргө кабыл алынган. Кийин АК жана ПКнын базасында жаңы бир нече куралдын түрлөрү модернизацияланып (мисалы, АКМ, АКМС, РПК, РПКМС, ПКТ ж. б.), 1974-ж. 5,45 ммлик автоматтын АК-74, АКС-74, пулемёттун РПК-74, РПКС-74 жаңы түрлөрү чыккан. Калашниковдун куралдары жөнөкөй, жогору натыйжалуу, ишенимдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Үч Ленин, 2-даражадагы «Мекенге кылган кызматы үчүн», Ыйык Андрей Первозванный ордендери менен сыйланган. Эмгектери: Записки констуктора-оружейника. М., 1992; Я с вами шёл одной дорогой. М., 1999;

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]