Калбаев Абдымомун

Википедия дан

Калбаев Абдымомун - акын, жазуучу. Жаңы-Жол (азыркы Аксы) районунун Авлетим айылында 1953-жылы туулган.

1965-жылга чейин Караван мектеп-интернатында, андан соң Ош шаарындагы Ю.Гагарин атындагы мектеп-интернатында окуп, 1970-жылы орто мектепти аяктаган.

1976-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүргөн.

Эмгек жолун Жаңы-Жол райондук «Жаңы турмуш» гезитинде адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштап, 1979-жылдан айыл чарба бөлүмүнүн башчысы, 1984-жылдан жооптуу катчы, 1986-жылдан 1991-жылга чейин редактордун орун басары болуп иштеген. 1979–1984-жж. Кыргызстан мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

1991-жылдан Жалал-Абад облустук телерадиокомпаниясында Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча радионун өз кабарчысы, 1996-жылдан бери телекөрсөтүүнүн өз кабарчысы болуп эмгектенип келет.

«Багыт» адабий ийриминде мүчө болуу менен, чыгармалары жаштардын «Учкун» адабий альманахынын 4-6-7-сандарына басылган.

1998-жылы «Молдо Багыш» аттуу китепти түзүп жарыкка чыгарган.

1986-жылы «Жаңы турмуш» гезитиндеги үзүрлүү эмгеги жана чыгармачылыгы үчүн Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Грамотасы менен сыйланган.

2006-жылы «Улуттук телерадиокорпорациясынын отличниги», 2008-жылы «Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги», Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган, эки жолу Жалал-Абад облустук администрациясынын, төрт жолу Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарына татыган.

1979-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1991-жылдан Кыргызстан Журналисттер союзунун, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ала-Тоонун жаңы жылдыздары. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 120 б.

Майлуу токоч: Балдар үчүн. – Ош: Облустук басмакана, 1997. – 21 б.

Кылымга жүз ыр белегим: Ырлар. – Жалал-Абад: шаардык басмасы, 1999. – 159 б.

Өмүр өтөлгөсү: Очерктер – Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. – 180 б.

Тарыхта калган изи бар, Аксыда нарктуу киши бар: Ыр менен жазылган сүрөттүү китеп альбому. – Б.: Мурас, 2008. – 72 б.

Мектепке карай кеткен жол: Очерк. – Б.: Мурас, 2009. – 96 б.

“Болуштун ооматы”тарыхый изилдөө.Мурас басмасы 2010 жыл 100 бет. "Карышкырлар улуганда" ангемелер,новеллар жыйнагы. Турар басмасы.2012-жыл.405 бет. "Туурга конгон туйгун" повест."Турар" басмасы.2013-жыл. 140 бет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]