Калдыбаев Кадырбек Абдылдаевич

Википедия дан

Калдыбаев Кадырбек Абдылдаевич – (3. 2. 1947-ж. т., Ысык-Көл облусу, Пржевальск (азыркы Каракол) ш.), физик, физика-математика илимдеринин доктору (2001), профессор (2003). Кыргыз Республикасынын Инженердик академиясынын академиги (2004). Кыргыз Мамлекеттик Университетин (1971), СССР Илимдер Академиясынын А. В. Шубников атындагы Москва кристаллография институтунун аспирантурасын (1976) бүтүргөн. Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын Органикалык эмес жана физикалык-химия институтунда (1976-79), Пржевальск Мамлекеттик педагогикалык институтунда доцент, кафедра башчысы, декан (1979-88), Кыргыз Мамлекеттик Университетин Пржевальск филиалында директордун орун басары, 1991-99-ж. К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде проректор. Россия Илимдер Академиясынын Москва Кристаллография институтунда (1999-2001), 2001-03-жылдары Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, 2003-08-жылдары Кыргыз билим берүү академиясында президент, ЭББПИИде проректор (2008-09), 2009-жылдан И. Арабаев атындагы КМУда институттун директору. Катуу заттардын физикасы боюнча адис. К. Калдыбаевдин 50дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде1 монография, 1 ойлоп табуу, 12 окуу куралы жарык көргөн. Эмгектери: Гиротропия одноосных поглощающих кристаллов (в соавторстве). М., 2000.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]