Мазмунга өтүү

Калесник Станислав Викентьевич

Википедия дан

Калесник Станислав Викентьевич [10(23). 1. 1901, Санкт-Петербург — 13. 9. 1977, Ленинград] — гляциолог жана физикалык географ. СССР ИАнын академиги (1968; корреспондент мүчө, 1953). 1929-жылы Ленинград университетин бүтүргөн. 1950-жылдан анда физикалык география кафедрасынын башчысы. 1936—37-жылы арктика деңиздеринде сүзүп, Жаңы Жер жана башка аралдарды изилдеген. 1955-жылдан СССР ИАнын Көл таануу институтунун директору. Эмгектери негизинен жалпы жер таануу, ландшафт жа гляциологиянын теорияларына, Борбордук Теңир-Тоо менен Жунгар Ала-Тоосунун геоморфологиясына арналган. Гляциология жана физикалык географияга — хионосфера, муздуктун энергиясы, Географиялык структура жана башка жаңы түшүнүктөрдү, терминдерди киргизген. 1964жылдан СССР география коомунун президенти. Эл аралык Географиялык союздун вице-президенти (1968—72). Краков жана Фин (Турку) университеттеринин ардактуу доктору. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу жана башка орден жана медалдар менен сыйланган. Иле жана Жуңгар АлаТоосундагы, Уюлдук Уралдагы мөңгүлөр Ктин ысмынан аталган. Эмгек: Горные ледниковые районы СССР. М.; Л., 1937; Основы общего землеведения. М., 1955; Современное состояние учения о ландшафтах. Л., 1959; О классификации географических наук//Х1Х Международный географический конгресс в Стокгольме. М., 1961; Очерки гляциологии. М., 1963; Энциклопедический словарь географических терминов. М., 1968 (гл. ред.); Общие географические закономерности Земли. М., 1970.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]