Калийлүү талаа шпаты

Википедия дан

Калийлүү талаа шпаты — минерал. Химиялык курамы КАI3О8. Өз ичинен микроклин жана ортоклаз болуп эки түргө бөлүнөт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6—6,5. С. салмагы 2,54—2,57. Микроклин кызыл, чийкил кызыл, ортоклаз ак, саргыч, кызгылтым боз болот. Жаратылышта кеңири тараган минерал. Гранит, пегматит тектеринин курамына кирет. Карапа өнөр жайында, кээде курулуш ишинде колдонулат. Айрым түрлөрү (амозонит жана башка) асыл таштардын катарына кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]