Калий гидроксиди

Википедия дан

Калий гидроксиди, щелочтуу ка-лий, КОН — кадимки шартта туруктуу түссүз кристалл, тыгызд. 2,12 г/см3, балкып эрүү 1380°С, кайноо 11320°С; пайда болуу жылуулугу DНо98 = 101,7 кДж/маль. Сууда жакшы эрийт -20°С 112 г. Суудагы эритмелеринде бир нече кристаллогидраттарды пайда кылат: КОН-Н2О; КОН.1,5Н2О; КОН.2Н2О; КОН .4Н2О. Нымды сиңирип алат. Суу менен кошулганда көп өлчөмдөгү жылуулукту бөлүп чыгарат. Суу эритмеси күчтүү щелочтуу реакцияны берет. Абадагы көмүр кычкыл газын сиңирип калий карбонатын пайда кылат. Ачык денеге тийсе ачыштырып күйгүзөт, андыктан аны менен иштөөдө тийиштүү коопсуздук эрежелерин эске тутуу керек. Сымап катодун колдонуу менен калий хлоридин электролиздөөдөн алынат. Суюк самындарды өндүрүүдө колдонулат. Калий өсүмдүктөр өнүгүп өсүшүнө керектелүүчү негизги элементтер бири болгондуктан, К. с. к. башка туздарды алуудагы негизги зат болуп эсептелет. Хим. реакцияларда, аналитикалык химияда реактив катары кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]