Калий карбонаты

Википедия дан

Калий карбонаты, шакар, К2СО, — түссүз кристалл, балкып эрүү t891°С. Салыштырмалуу тыгызд. 2,41 г/см5. Пайда болуу жьшуулугу DН0298 =273,9 кДж/моль. Абадан нымды сиңирип алып, ак күкүмдү пайда кылат. Сууда эригичтиги алда канча жогору. 20°С 100 мл сууга 110,5 г К. к. эрийт. Эритмеси щелочтуу чөйрөнү берет. К. к. калий оксидинин эритмесине көмүр кычкыл газын аракеттендирүү жана нефелинден глинозем алыш үчүн иштетүүдөн кошумча зат катары алынат. Өсүмдүк күйгөндөн калган негизги курамы К. к. түзөт. К. к. самын кайна-тып алууда балкып эригичтиги жогору болгон атайын айнектерди алууда кеңири колдонулат. Кеңири таралган богемдик айнек негизги курамы К2О-СаО-SiO2 (+В2О3). К. к. калийдин башка бирикмелерин алууда жана жер семирткич катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]