Калий оксиди

Википедия дан

Калий оксиди, К2О — түссүз кристалл, тыгызд. 2,32 г/см3. Пайда болуу жылуулугу DН°298 = 86,4 кДж/моль. Суу менен реакцияга кирип калий гидроксидин берет. 300-400°С чейин ысытканда балкып эрибестен ажырап, калий жана калий пероксидин пайда кылат. Металл түрүндөгү калий абадагы кычкылтек менен нормалдуу шартта окистенүү реакциясына дуушар болуп К. к-н берет. Калий надпероксиди К2О4 — саргыч түстөгү кристалл, тыгызд. 2,14 г/см3 ; балкып эрүү 1400°С. Жогорку темп-рада ажырайт. Сууда эригенде реакцияга кирет. Металл түрүндөгү калий күйүүсүнөн пайда болот. Калий надпероксиди күчтүү окистендиргич. Ал күкүм түрүндөгү металлдар, көмүртек, фосфор менен реакцияга кирет. Күйүүчү зат катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]