Калий перманганаты

Википедия дан

Калий перманганаты, КMnО4 — кочкул кызгылт көк түстүү кристалл, тыгызд. 2,7 г/см3. Пайда болуу жылуулугу DНo298 = -194,4 кДж/моль, ысытканда балкып эрибестен, кычкылтекти бөлүп чыгаруу менен ажырайт. Сууда эрип кызгылт көк түстөгү эритмени пайда кылат. К. п. күчтүү окистендиргич . Кычкыл чөйрөдө Мn+2 чейин калыбына келет. Конц. Н2SО4 жана орг. заттар менен тийишкенде жарылууга дуушар болот. К. п. орг. заттар синтездөөдө окистендиргич катары пайдаланылат. Медицинада жана ветеринарияда дары зат катары, хим. реактив катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]