Калий сульфиди

Википедия дан

Калий сульфиди, К2S — түссүз кристалл, тыгызд. 1,80 г/см3, балкып эрүү t 470°С; пайда болуу жылуулугу DНo298 =-100 кДж/моль. Ысытканда сары түскө, балкып эригенде кызыл түскө өтөт. К. с. нымды жакшы тартып алат. Сууда жакшы эрийт, 5 жана 12 мол.сууну кармаган кристаллогидраттары бар. Күчтүү негиз, начар к-танын тузу болгондуктан гидролизге учурайт. Абада кычкылтек таасиринен окистенип, калий тиосульфатын К2S2O3 берет. Күйгүзүүдө күкүрт оксидин пайда кылат. Суудагы эритмесин кайнатканда суутек сульфидин берет. Калий карбонаты менен күкүрттү абасыз чөйрөдө эритүүдөн алынат. Суудагы эритмесин ашыкча алынган күкүрт менен кайнатканда калий полисульфиддери алынат: К2S2, С2S3, К2S4, К2S5, К2S6. К. с., сүрөт иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]