Калий фториди

Википедия дан

Калий фториди, КF — түссүз тунук кристалл. Эрүү t 857°С, 18°С сууда 92,3 г туз эрийт. 17,7°Сден 45°С чейин суудагы эритмесинен КF.2Н2О кристаллдашат. Бул нымды жакшы тартуучу түссүз кристалл 41°С эрийт. -21,8°С 17,7°С чейин КF.4Н2О кристаллдашат, 19°С эрийт. К. ф. КОН же К2СО3 плавик к-тасында эритүү менен алынат. Металлдык калийди алууда, термостарды даярдоодо, Р орг. бирикмелерге киргизүүдө жана калий жер семиркичтери катарында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]